Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Эртең Дүйнөлүк астма күнү белгиленет


БИШКЕК. Эртең Бүткүл дүйнөлүк астма күнү белгиленет. Буга карата Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун Астмага каршы глобалдык демилге долбоорунун бет ачаары болот. Ал долбоордо астма дартына каршы кантип күрөшүү керектиги, ага коомчулуктун көңүлүн буруу маселеси камтылган. Бул тууралуу бүгүн Улуттук кардиология жана терапия борборунун пульмонология бөлүмүнүн башчысы Талант Сооронбаев билдирди. Дүйнөдө 100-150 миллионго жакын адам астма дартынан жабыркайт жана жыл сайын андан 180 миңдей адам каза болот. Кыргызстанда астма менен ооругандардын расмий саны 6 миңге чукул, бирок бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны мындан 5 эсе көп.

XS
SM
MD
LG