Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:42

Токиодо кыргыз-япон өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны болот


БИШКЕК. 21-майда Токио шаарында экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-япон өкмөт аралык комиссиясынын жетинчи жыйыны болот. Ага катышканы 20-майда премьер-министр Николай Танаев жетектеген делегация Күн Чыгыш өлкөсүнө барат. Бул тууралуу бүгүн Финансы министрлигинин тышкы байланыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы Учкунбек Ташбаев кабарлады. Анын айтымында, экономикалык кызматташтык комиссиясында кыргыз тарап Япониянын гранттык жардамынын көлөмүн көбөйтүү, Бишкекте ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган маалымат-технологиялык борбордун курулушун баштоо маселесин козгомокчу. Акыркы 4-5 жыл аралыгында Япониянын Кыргызстанга берген гранттык жардамы 3 эсе азайып кеткен. «Маселен, быйыл Япониядан 1 млрд. иен же 8 млн. доллар чамасында гранттык жардам келди. Биз анын көлөмүн 3 млрд. иенге, мурунку деңгээлге жеткирүүгө аракет кылып жатабыз», - дейт Учкунбек Ташбаев.

XS
SM
MD
LG