Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:51

Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Түркиядагы расмий иш сапары аяктады


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Түркиядагы 5-майда башталган расмий иш сапары бүгүн соңуна чыкты. Иш сапарынын учурунда А. Айтматов Түркиянын президенти Ахмед Неждет Сезер, өкмөт башчысы Режеп Таип Эрдоган жана тышкы иштер министри Абдулла Гүл менен жолугушуп, кыргыз-түрк мамилесин өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Аскар Айтматов менен Абдулла Гүл эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтеринин ортосунда эл аралык кырдаал жана коопсуздук боюнча консультация өткөрүшүп, мыйзамсыз миграцияны жөнгөрүү багытында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG