Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

ЕККУнун өкүлдөрү жана жергиликтүү адистер табыгый кырсыктар болгон жерлерди кыдырышты


ЖАЛАЛАБАД. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму менен өлкөнүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 адиси адегенде Майлысуу шаарындагы уран калдыктары көмүлгөн жайларга барышты. Алар атчан жүрүп, уран калдыктуу 23 жайды, жаңыдан жер көчкү жүргөн 20 жерди, каражаттын тартыштыгынан Майлысуу-Сарыбээ жолундагы 8,5 миң куб. метр жер көчкү алына электигин көрүштү. Жергиликтүү жетекчилер ЕККУнун өкүлдөрүнө эл аралык уюмдардын жардамысыз өлкө уран калдыктарына каршы жетиштүү чара көрө албай тургандыгын түшүндүрүштү. Алар мындан тышкары Сузак районундагы Чангенсай капчыгайындагы жер көчкүдөн кийинки абал менен да таанышып чыгышты.

XS
SM
MD
LG