Бул тууралуу Ирактагы кайра куруу жана гуманитардык жардамдар мекемесинин башчысы, генерал Жей Гарнер билдирди. Саламаттык сактоо, билим берүү жана күнүмдүк тиричилик системасы тармагындагы иштер нормалдаштырылат. Калкка азырынча акысыз медициналык жардам көрсөтүлөт. Жакынкы аралыкта Ирактын бардык шаарларында жергиликтүү башкаруу органдары түзүлөт. Гарнердин администрациясы согуш башталгандан бери маяна албаган мамлекеттик кызматкерлерге айлык акы төлөй баштады.