БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин Канадага расмий сапары 12-майда башталды. Сапар учурунда А.Эркебаев Канада парламентинин кош палата төрагалары Денн Хейз, Питер Милликен баштаган парламент мүчөлөрү менен жолугушат. 15-16-майда кыргыз парламентчилери Монреаль шаарына келишип, шаар башчысынын кабыл алуусунда болушат. Мыйзам чыгаруу жыйынынын делегациясынын Канада сапары 18-майда аяктайт.1998-жылы Канада Сенатынын төрагасы Гилдас Молгат баштаган делегация Кыргызстанга келип кеткен.