Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Британиянын өкмөтү терроризмге каршы чараларды дагы күч алдырууда


Ички иштер катчысы Давид Бланкеттин бүгүн маалымдашынча, террорист деп шектелген адамды британ полициясы мурда жети күн айып койбой кармай алса, эми бул мөөнөт 14 күнгө узартылышы мүмкүн.
Азыркы мыйзам боюнча, айдоочунун күбөлүгүн жана паспортту жасап алгандарга акчалай айып салынат. Өкмөттүн жаңы сунушу өтүп кетсе, бул чара эки жылга эркинен ажыратуу менен алмаштырылат.
Либерти аттуу укук коргоочу уюм Британ өкмөтүнүн бул сунуштарын дароо эле "ойлонулбаган, кереги болбогон саясатташкан" чара деп айыптады. Парламент сунуштарды 20-майда карап баштайт.

XS
SM
MD
LG