Премьер-министр Сильвио Берлускони бул тууралуу Анкарада түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолуккан соң айтты. Бирок Италия өкмөт башчысы белгилегендей, Европа Биримдиги Түркия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо маселесин 2004-жылдын декабрында караганга чейин Анкара Кипр чатагын чечүүгө жетишиши керек. Июль айынан тартып жарым жылга Европа Биримдигинде төрагалык кылуу укугу Италияга өтөт.