Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

АКШ - ТҮШТҮК КОРЕЯ САММИТИ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ менен Түштүк Кореянын президенттери 14-май күнү Вашингтон шаарында жолугуп, Түндүк Кореянын өзөктүк курал өндүрүү маселесин талкуулады. Эки президенттин тең айтымында, Корей жарым аралы өзөктүк куралдан бош аймак болууга тийиш, ошондуктан Пхеньяндын опурталдуу саясатына жол берилбейт.

Декабр айында шайланып, февралда президенттик кызматка киришкен Но Му Хен Америка Кошмо Штаттарына өлкө жетекчиси катары биринчи жолу келди. Алгач ал жекшемби күнү Нью-Йорк шаарына барып, эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолукту, 14-майда болсо Вашингтондо президент Жорж Буш менен кездешкенден кийин, Но Му Хен 15-май күнү Сан Франциского учуп кетти.

Жарым саатка уланган жолугушуу учурунда эки президент Түндүк Корея маселесин гана эмес, АКШ менен Түштүк Корея ортосундагы саясий, аскерий, экономикалык байланыштарды жана эл аралык маселелерди да талкуулады. Саммиттин жыйынтыгы катары төрт барактан турган биргелешкен билдирүү жасалды, бирок Ак үйдүн алдында чыгып сүйлөгөндө эки президент журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.

Президент Буштун айтымында, Түндүк Кореянын өзөктүк курал маселесин тынчтык ыкмалары менен чечүүгө багытталган аракеттер уланат: "Маселени тынчтык жолу менен чечүү аракеттерин биз уланта турганыбыз жөнүндө мен президентти ишендирдим. Бул багытта биз бир топ ийгиликке жетиштик".

Анткен менен, эки президенттин жолугушуусу алдында журналисттер менен кездешкен президент Буштун коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс бир топ катуу сөздөрдү айтты. Анын пикиринде, дүйнөнүн эч бир өлкөсү бүткүл эл аралык коомчулукту опузулабаш керек жана эгер Түндүк Корея өзүнүн андай опурталдуу саясатын улантса, ага каршы күч колдонуу мүмкүнчүлүгү да жокко чыгарылбаш керек.

Пхеньянга каршы саясатты катуулантууга президент Но Му Хен мурда катуу каршы чыгып келген, анткени Түндүк Корея кандайдыр бир күтүүсүз чараларга барса, анын кесепетин эң биринчи кезекте Түштүк Корея тартат. Бирок америкалык президент менен жолуккандан кийин, Но Му Хен - арсар маселенин баары чечилип, ал мекенине ачык көңүл кайтып баратканын билдирди.

Жарыяланган биргелешкен билдирүүдө - Пхеньяндын опузалары анын эл аралык коомчулуктан ого бетер обочолонуп калышына алып келээри тууралуу жазылган жана Түндүк Кореянын өзөктүк курал маселесин чечүүгө Жапания, Кытай жана Орусиянын катышыш керек экендиги жөнүндө айтылат. 23-25-апрел күндөрү Бээжин шаарында АКШ, Кытай жана Түндүк Корея өкүлдөрү ортосунда алгачкы үч тараптуу жолугушуу болгон, бирок кореялык саясатчылар анда өз опузаларын кайрадан кайталаган. Алардын айтымында, Пхеньян өзүнүн өзөктүк программаларын - ага ири өлчөмдө эл аралык жардам көрсөтүлүп, АКШ анын коопсуздугуна кепил болуп берсе гана токтотулат.

Вашингтондогу саммит учурунда Корей жарым аралында жайгашкан америкалык аскерлер маселеси да талкууланды. Азыр Түштүк Кореяда 37 миңге жакын америкалык аскер бар жана былтыр алардын бир чопкут машинеси эки кореялык кызды тебелеп кеткенден кийин, өлкөдө антиамерикалык көптөгөн митинг болуп өткөн. Анын катышуучулары америкалык аскерлердин өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылган, саммит учурунда болсо эки президент - америкалык аскерлердин базасын өлкө ичинде башка жерге көчүрүү тууралуу макулдашты.

Андан тышкары президент Буш - Түштүк Кореядагы саясий жана экономикалык өзгөрүүлөргө АКШ кеңири колдоо көрсөтөөрүн дагы бир жолу кайталап, кореялык аскердин күчтөнүшүнө жардам берилерин билдирди. Президент Но Му Хендин айтымында, Түштүк Корея азыр бир топ орчундуу өлчөмдөгү кайра курууну баштап, өлкөнү аймактагы эң өнүккөн мамлекет кылууга аракеттенүүдө. Май айынын аягында Түштүк Кореяда коррупция маселесине арналган дүйнөлүк форум өтөт.

XS
SM
MD
LG