Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Москвадагы визитин аяктады


Бүгүн эрте менен “Эхо Москвы” радиостанциясына берген интервьюсунда Колин Пауэлл Иракта түзүлө турган жаңы өкмөт Россиянын аласасын эске аларына ишенич билдирди. Ирактын жалпы тышкы карызын Вашингтон 100 – 120 миллиард доллар өлчөмүндө болуу керек деп чамаалайт. Ирактын Москвага карызы 8 миллиард долларга барабар. Иракка байланыштуу жаңы резолюция боюнча тараптар орток пикирге келе албагандыгын белгилеп, Пауэлл бул боюнча консультациялар улантыла тургандыгын билдирди. Президент Владимир Путин менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүн ал айрым кайчы чыккан пикирлерге карабастан жалпысынан ийгиликтүү болду деп баалады.

XS
SM
MD
LG