Ал бул жерде дүйшөмбүдө болуп өткөн террордук кыянатты териштирүүгө жардамдашат. Аталган касиреттен, акыркы маалыматтар боюнча, 34 киши,алардын ичинде америкалык сегиз адам набыт болду. Жарадар болгондордун саны 200гө чукулдап барат. Сауд Арапстандын ООНдогу элчиси ханзаада Бандар бин Султан падышалык бийликтер чет элдиктердин коопсуздугун камсыз кылганы күчөтүлгөн чараларды көрүшкөндүгүн кабарлады. Дүйшөмбүдөгү террорду Вашингтон “Ал-Каида” уюштурду деп эсептейт.