Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Социалдык фонддун 2003-жылдагы бюджети жөнүндөгү токтомго өзгөртүү кирди


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары 38 добуш менен «Өкмөттүн 2003-жылдын 6-мартындагы ««Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин аткаруу жөнүндөгү» № 109 токтомунун 2-3- жана 6-пунктунун 4-абзацын мыйзамсыз деп табуу жөнүндө» токтом кабыл алышты. Ага ылайык мындан ары Социалдык фонд өз ара эсептешүүлөрдү, пенсия, жөлөк пулдарды ун, кумшекер, күйүүчү май, курулуш материлдары сыяктуу товарлар түрүндө эмес, накталай акча менен гана берүүгө милдеттенет. Токтомго өзгөртүү киргизүүнүн демилгечиси болгон депутат Адахан Мадумаровдун айтымында, өкмөттүн аталган токтому Кыргыз Республикасынын «Пенсияны, жөлөк пулду жана маянаны өз убагында төлөп туруу жөнүндөгү» жана «Мамлекеттик сатып алуулар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү» мыйзамдарына каршы келет.
Себеби, Социалдык фондго «пенсияны, жөлөк пулду накталай акча түрүндө берүүнүн ордуна, курулуш материалдары менен, мебель менен берүүгө болот» деген укукту берип койгон.
Өкмөттүн Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Мырза Капаров болсо Конституция боюнча токтомдун айрым пунктарын жокко чыгарууга президент жана өкмөттүн өзү гана укуктуу экендигин айтып, депутаттардын токтомго өз алдынча өзгөртүү киргизүүгө укугу жоктугун белгиледи.

XS
SM
MD
LG