БИШКЕК. Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга келерки 4 жылда 171 миллион доллар бөлүп, анын 29% келерки жылдан баштап грант түрүндө бере баштайт. Тараптар иштеп чыккан «Өлкөгө жардам берүүнүн жаңы стратегиясына» ылайык бериле турган бул каражат үч багытта: экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүүгө, адамдарды иш менен камсыз кылууга, адамдын өнүгүшүнө социалдык шарттарды жакшыртууга, мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүүгө сарпталат. Бул тууралуу Бишкектеги бүгүнкү маалымат жыйынында вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн башчысы Кристофер Лавлейс билдиришти.