Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

Феликс Кулов «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамдын долбоору боюнча өз оюн билдирди


БИШКЕК. Кыргызстан Элдик конгрессинин лидери Феликс Кулов «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамдын долбоору боюнча өз пикирин жана сунуштарын «Арнамыс» партиясынын Интернет-сайты аркылуу билдирди. Ф. Куловдун пикири боюнча, «Арнамыс» партиясынын саясий кеңеши мыйзамды жакшыртуу боюнча иш-аракеттерди колдойт. Бирок, мыйзам долбоорунун негизги кемчилиги - анын өлкөдөгү жаңы кырдаалды эске албай, советтик мезгилдин принциптери менен түзүлүп калгандыгында. Кулов «саясий партиялардын түп максаты - өзүнүн саясатын бийликтеги президенттен тартып, айыл өкмөттөрүнө чейин өз өкүлдөрү аркылуу турмушка ашыруу болгондуктан, облустук, Бишкек шаардык жана райондук кеңештерге шайлоону пропорционалдык-мажоритардык система менен өткөргөн оң болот» дейт. Шайлоолордо жеңип чыккан партиялар болсо өкмөттү башкарууга укук алууга тийиш. Феликс Кулов «мыйзамдын «партияны 500дөн кем эмес адам түзө алат жана анын сөзсүз жер-жерлерде бөлүмдөрү болууга тийиш» деген талаптары оппозициялык маанайдагы партияларга тоскоолдук болот» деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG