Аксы окуясында каза болгондор менен жабыр тарткандардын эне, эже, карындаштары «Энелер кыймылын» быйыл март айында түзүшкөн. Кыймылдын төрайымы Дилбар Момункулованын айтымында, азыр кыймылдын 425 мүчөсү бар. Алардын 32си Аксы окуясына күнөөлүү адамдарды жазалап беришин президент Аскар Акаевден талап кылыш үчүн Бишкекке келишкен. Алар 16-майда эртең мененки саат тогузда Өкмөт Үйүн көздөй баратканда Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, кечки саат алтыда Биринчи Май райондук сотуна жеткирилген. Райондук соттун төрайымы Жаңыл Алиеванын айтымында, кармалгандардын документтери жок болгондуктан сот алардын ишин карабай, 32 ишти ички иштер бөлүмүнө кайра жөнөткөн. Милиция кызматкерлери аялдарды бир автобуска күч менен салып кетүүгө аракет кылышканда, алар каршылык көрсөтүп, өздөрү шайлаган депутат Азимбек Бекназаровдун үйүнө кетишкен. Президент менен көзмө-көз кезигип, өз арыз-арманын тынчтык жол менен билдирүүнү каалаган энелер тартип коргоо органдарынын каршылыгына кабылгандан кийин өз талаптарын ачкачылык жарыялоо менен билдирүү чечимине келишкен. Ал тууралуу «Энелер кыймылынын» төрайымы Дилбар Момункулова мындай деди:
- Биз Бишкекке ачкачылык жарыялаш үчүн эмес, «Ак Үйгө», Акаевдин алдына барып, арыз-муңубузду, дартыбызды айталы деп келгенбиз. Бирок, тилекке каршы, бийлик дагы эле акылына келбептир. Тууган-уругубуздан ажырап, кан кусуп турсак деле мына кечээ Майлысуудагы сот күнөөлүүлөрдү кайрадан актап коюптур. Бул биздин экинчи кыжырдануубузду пайда кылды. Биз кечээ «Ак Үйгө» адам басуучу жөө жолдо баратсак «Силер кайда баратасыңар? Кимсиңер?» дебестен эле жапайы адамдан бешбетер автобуска түртүп сала башташты. Ошондо мен алдыга чуркап барып: «Биз Аксыдан келген энелербиз, муңубузду Акаевге айтып эле, тынч кайтабыз», - десем болбой мени кошо сүйрөп кетишти. Кечээ кечке камакта олтурдук, сурак деле болгон жок. Ошондон кийин энелер жалпы бир жыйынтыкка келип, азыр 18 аял ачкачылык жарыялап олтурабыз. Биз эми «Ак Үйдү» карай баспайбыз. Керек болсо Аскар Акаев энелердин алдына уул катары келип, биздин арыз-муңубузду угуп кетсин. Биз ачкачылыктын мөөнөтүн белгилебейбиз. Аксы окуясында курман болгондорду, жабыр тарткандарды ким өлтүргөндүгү ачыкка чыгып, тиешелүү жазасын алмайынча ушундай пикет, митингдерди өткөргөнүбүз өткөргөн. Себеби, биз Кудай алдында ант бергенбиз.
Ал эми ачкачылык жарыялаган аялдардын эң улуусу, Аксы окуясында каза болгон Үркүмбаев Сатимбайдын энеси Үркүмбаева Камкаян Бишкекке, түздөн-түз президентке келгенинин себебин мындайча түшүндүрдү:
- Бишкекке биз акыйкат сурап келдик да, кагылайын. Акаев биздин арыз-муңубузду угуп, аткан канкорлорду камап, «мына камап атабыз» деп көзүбүзгө көрсөтүп, биздин күйүтүбүздү баспай жатат да! Биздин балдардын иши боюнча сурак болгон жок. Канкорлор жымырап эле жыргап, уктап жүрүшөт. Же болбосо ошо кызуу кезинде эле сурап, «мына мунун айыбы бар экен, мынабу атыптыр» десе эле биз тынчып калат элек. Бизди адам ордуна көрбөй күйгүзүп жатпайбы.
Үркүмбаева Камкаяндын кызы Үркүмбаева Нурбүбү милиция 16-майда аялдарды күч менен кармап жатканда башына таяк жеп, азыр № 4-оорукананын нейрохирургия бөлүмүндө жатат. Ага дарыгерлер «мээси чайкалып, бет булчуңдары жабырланган» деген диагноз коюшкан. Ушундан улам ал ишембиде уруп-сабоо тууралуу арызын Бишкектин Биринчи Май райондук прокуроруна жолдоду.
- Бишкектин Биринчи Май районунун прокуроруна арыз менен кайрылдым. Жыйынтыгы азыр белгисиз. Эгерде милиционерлерди алдыма алып келсе баарын тааныйм. Азыр башым ооруп, бетиме союл менен таяк жеп оор акыбалда жатсам да дарыгерлер «акчаңды алып кел, анан дарылайбыз» деп кайдыгер мамиле кылып жатышат, - деди Нурбүбү Үркүмбаева.
Ал эми президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков Аксыдан келген аялдардын ачкачылык жарыялагандыгы тууралуу маалыматы жок экендигин, президенттин аларды кабыл алаар-албасын билбей тургандыгын айтты.