Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

ООН: РЕЗОЛЮЦИЯ БЕЙШЕМБИ КҮНҮ КОЛГО САЛЫНАТ


Ирак боюнча резолюциянын жаңыланган долбоору ООНдун коопсуздук кеңешинде бейшемби күнү колго салынат. Мунун алдында документтин текстине айрым алымча-кошумчалар киргизилет. Шейшемби күнү долбоорду төрт саат талкуулап,кеңештин мүчөлөрү ушундай чечимге келишти. Талаш-таңаштар, документтин авторлору – Кошмо Штаттары менен Британиянын жана Испаниянын өкүлдөрү ырасташкандай,конструктивдүү мүнөздө өттү. Алардын сөздөрүнө караганда, резолюциянын кабыл алынышына ишеним бар. Муну Россиянын тышкы иштер министри да ырастады.

Резолюция кабыл алынса, анда он эки жылдай илгери Иракка каршы киргизилген санкциялар алынат. Согуштан кийинки Иракты жана анын мунай ресурстарын контролдоо жоопкерчилиги Кошмо Штаттары менен Британияга жүктөлөт. Бирок бул ирактын карамайы толугу менен коалициянын колуна берилет, алар муну өздөрү каалагандай тескейт деген кеп эмес. Мунайдын соода-сатыгынан түшкөн кирешенин максаттуу жана майнаптуу сарпталышына эл аралык кеңешчи орган көз салат. Буга байланышкан камтамачылыктардын негизсиздигин белгилеп, Кошмо Штаттардын ООНдогу элчиси Жон Негропонте иштин баары ачык-айрым мүнөздө жүргүзүлө тургандыгына, бул үчүн резолюцияда атайын механизм каралып жаткандыгына ишендирди. Мындан тышкары Россия менен Франциянын талабы боюнча резолюцияда ООНдун Ирактагы атайын өкүлүнүн полномочиеси кыйла кеңейтилди. Эми ал америкалык убактылуу администрация менен бирге Ирактагы саясий жана экономикалык кайра куруу иштеринде алда канча таасирдүү ролго ээ болот. Франция менен Россия буга кошумча Ирактагы аскерий инспекциянын маселесин да чечүү зарыл деп эсептешет. Курал-жарак комиссиясынын жана атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин – МАГАТЭнин корутунду бүтүмү болбосо Иракты куралсыздандырууну караган мурдагы резолюцияларды жабыш мүмкүн эмес, деп айтты Россиянын ООНдогу элчиси Сергей Лавров. Ошондуктан Москва менен Париж эл аралык инспекторлордун Иракка кайтып барышын туура көрүшөт.

Коопсуздук кеңешинде талкуулар жүрүп жаткан учурда Вашингтондо пресс-конференция өткөрүп, Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд МАГАТЭлик эксперттердин Иракта инспекция иштерин улантышына анын мекемеси каршы эместигин ырастады. Мындай сунуш атүгүл резолюциянын текстине киргизилиши да мүмкүн.Коалициялык күчтөрдүн башкы колбашчысы генерал Фрэнкс менен кеңешип көрүп, инспекторлордун Иракка кайтып барышына принциптүү эч кандай тоскоолдук жок экендигине ынандык, деп айтты Рамсфелд.

Британиянын ООНдогу туруктуу өкүлү Жереми Гринсток коопсуздук кеңешиндеги талкууларда айтылган айрым каалоо-пикирлер долбоордун текстине кошумчаланып,анын акыркы варианты бейшемби күнү колго салына тургандыгын ырастады. Жабык режимде өткөн талкуу маалында, айрым дипломаттар ырасташкандай, кеңештин бардык он беш мүчөсү көп сандаган суроолорду беришти жана он эки беттен турган документтин жумушчу вариантына бир катар өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүүнү сунуш кылышты. Резолюция акыркы эсепте көпчүлүк добушка ээ болот деп ишенгенге, Гринстоктун сөздөрү боюнча, жетерлик негиздер бар. Россиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов да ушундай ишенимин билдирди.

Ошол эле күнү Нью-Йоркто белгилүү америкалык финансист жана филантроп Жорж Сорос пресс-конференция өткөрүп Иракка байланыштуу Вашингтон сунуш кылган резолюциянын долбоорун кескин сынга алды. Сорос аны ООНдун кадыр-баркына балта чапкан документ деп баалады. Неге дегенде документте ООНдун бийлик укуктары иш жүзүндө оккупациялык режимге берилген, деп айтты Сорос. ООН, Соростун баасы боюнча, дүйнөдө үстөмдүк кылган державанын таламдарына баса көктөп баш ийдире турган орган эмес, ал көп жагынан өркүндөтүүнү талап кылган уюм. Бул пикирди коштоп, белгилүү филантроптун Ачык коом институтунун Вашингтондогу кеңсесинин директору Мортон Хэлперин Ирактын өткөөл өкмөтүн түзүү ишинде ООН, анын коопсуздук кеңеши үстөмдүк абалда турушу зарыл экендигин белгиледи. Эмнеге дегенде мунун баары оккупациялык бийликтин эмес, ООНдун жоопкерчилигиндеги маселелерге кирет, деп айтты Хэлперин. Аталган институт ирак мунайынын соода-сатыгына коомдук көзөмөл жүргүзүү максатында атайын орган уюштурганы жаткандыгын жарыялады.

XS
SM
MD
LG