Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Германиянын өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Жалалабадда


ЖАЛАЛАБАД. Германиянын өнүктүрүү банкынын адистери 2002-жылдан бери ушул банк техникалык жактан каржылап жаткан облустук төрөт үйү менен облустук кургак учук диспансерин көрүп чыгышты. Алар бул ооруканаларга былтыр берилген медициналык жабдуунун ишине кызыгышып, анын толугу менен өндүрүмдүү иштетилип атканына ыраазы болушту. Банктын адистери облустук оорукананын хирургия бөлүмүнө да жардамдашуу маселесин караштыраарын айтышты. Облустун 13 төрөт үйүн 3 млн. 300 миң евролук 17 аталыштагы медициналык жабдуу менен былтыртан бери камсыздап келаткан банк быйыл 11 төрөт үйүнө автоунаа сатып бермекчи. Кургак учук диспансеринде ДОЧ программасы ишке ашырылууда.

XS
SM
MD
LG