Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Өкмөт Жалалабад окуясын иликтөөнү башкы прокурорго тапшырды


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаевдин бүгүнкү айткан маалыматына караганда, 15-майда Жалалабад шаардык жана облустук ички иштер кызматтарына кол салган кылмыштуу топтун башчысы Адыл Каримовго байланышкан жагдайларды иликтөөнү өкмөт башкы прокурорго сунуш кылды. Н. Танаевдин айтымында, буга курал-жарак катканы үчүн эки жолу кылмыш жообуна тартылган Адыл Каримов сот залынан бошотулуп, жаза албай калганы, ага каршы 1995-жылы ачылган кылмыш иши жабылганы негиз боло алат. «Бийлик ички иштер бөлүмдөрүнө кол салууну Аксы окуясына байланыштуу соттон элдин көңүлүн алаксытыш үчүн атайы уюштурду» деген пикир пайда болгондуктан, «Башкы прокуратура бул иштин аныгына чыгып, элге так маалымат берүүгө милдеттүү», деди Николай Танаев. Өкмөт башчысы өз аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдары боюнча бөлүм башчысын кызматтан алгандыгын да жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG