Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:38

БАШКЫ АРАЧЫ – ЖОРЖ БУШ


Жакынкы чыгыштагы жагдайды жөнгө салганы Кошмо Штаттардын президенти эки жумадан соң Египетте жөөт жана палестин өкмөт башчылары менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү мүмкүн. Израилдин премьер-министри эл аралык “Жол картасы” планына макул болгондон кийин президент Жорж Буш ушундай ниетин билдирди. Мындан тышкары жакынкы күндөрдө регионго америкалык эксперттердин командасы келет. Алар аталган тынчтык планын жүзөгө ашыруу иштерине кол кабыш кылышат.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салууга багытталган “Жол картасы” планын ООН, Евросоюз, Кошмо Штаттары жана Россия жарнакташып иштеп чыгып, жөөт жана палестин өкмөтүнө сунуш кылышкан. Пландын айрым аспекттерин талкуулаганы демилгечилердин жогорку даражалуу өкүлдөрү, алардын ичинде Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл региондо болуп кеткен эле. Мамлекеттик катчы менен Иерусалимде жолугуп, жөөт кабинет башчысы Ариэл Шарон “жол картасында” каралган бир катар чараларга, айрыкча коопсуздук чөйрөсүндөгү сунуштарга каяша пикирлерин билдирген. Бирок жума күнү ал эл аралык ортомчулардын планын жалпысынан жактыра тургандыгын ырастады, ошол эле учурда ал айрым пункттар боюнча Израилдин олуттуу камтамачылыктары калганын да кошумчалады. “Жол картасы” жекшемби күнү өкмөттүн кеңешмесине коюлуп, бекитилүүгө тийиш. Шарондун кеңешчиси Раанан Гиссин “жол картасына” жөөттөрдүн ыкрар кылганын сөз жүзүндө айтылган тек бир мазурат кеп эмес,андан да маанилүү иш катары түшүндүрдү. Израил кабинети, Гиссиндин кептерине ишенгенде, пландын ушу азыр из жүзүнө ашырылышын, б.а. террордук инфраструктуралар менен уюмдарды талкалоону, алардын толук куралсыздандырылышын андан бетер маанилүү деп эсептейт.

Эл аралык арачылардын планына Шарондун макул болгонун палестин автономиясынын маалымат министри Набил Амр жакшы жышаанга жоруду. Израилдин бул позициясын ал туура жолду беттеген позитивдүү кадам деп баалады жана жөөт өкмөтү аталган планда каралган өз милдеттенмелеринен тайбай тургандыгына үмүт билдирди. Палестин министринин соңунан радикалдуу Хамас тобун жетектеген лидерлердин бири Абдел Азиз ар-Рантиси да билдирүү жасап, Израилдин территориясында террордук иштерди токтотконго уюмдун мүчөлөрү даяр экендигин бышыктады. Бирок ал Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана Газа тилкесинде жөөт аскерлерине каршы акциялар улантыла тургандыгын кошумчалап, мындай иштер аталган аймактар жөөттөрдүн оккупациясынан толук бошотулганда гана токтотуларын эскертти. Хамастын адыйы палестин премьер-министри Махмуд Аббаска колдоо көрсөткөнгө убада берип, “ага ишенсе болот”, деп билдирди.

Шарондун билдирүүсүн Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш да кушубак кабар катары комментариялады. Премьер-министр Шарон “жол картасына” макул болду, мунун өзү – прогресс, деп айтты Буш Техастагы чарбагында. Буштун сөзү боюнча, ал Шаронду Кошмо Штаттары Израилдин коопсуздугу үчүн кам көрөрүнө ишендирген. Эми иш алга жылса,ага жараша Израилдин коопсуздугуна байланыштуу камсанаткан бардык проблемаларды чечмекчибиз, деп билдирди Буш.

Бир катар байкоочулардын апаздарына караганда, америкалык президент бул сөздөрү менен “жол картасы” планын жүзөгө ашырууда Вашингтон Израилден көп деле иштерди талап кылбай тургандыгын туюнтту. Ал эми палестин тарабына келгенде Вашингтон автономиянын жаңы өкмөтү террордун жаңы толкунун басканы кошумча чараларды көрөт деп ишенет. Жакшы жышаандарга сүрөөнчү болгону президент Буш эки аптадан соң Египетте жөөт өкмөт башчысы Шарон жана палестин премьери Абу Мазен менен жолугушсамбы деп ниет кылып жатканын жарыялады. Вашингтондук өкүлдөрдүн айтымында, акыркы кездери Буш региондогу арачылык иштерге жеке өзү катышканга ыкыластана баштады. Шарондун капыстан эле эпке келе түшкөнүн да байкоочулар Буштун ушул ынтаасы менен түшүндүрүшүүдө: бу жолу америкалык президент Жакынкы Чыгыш проблемасына чындап кирише баштаганын жөөт премьери жаздемдебей байкады, дешет эксперттер.

XS
SM
MD
LG