БИШКЕК. 28-31-майда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын спикери Алтай Бөрүбаев жетектеген парламенттик делегация расмий иш сапары менен Мажаристанга барат. Мындай кабар 26-майда аталган палатанын басма сөз кызматынан алынды. Маалыматка караганда, кыргыз парламентарийлери Венгриянын президенти Ференц Мадло, Улуттук жыйынынын президенти Каталин Сили, Будапешт шаар башчысы Габор Демски жана Венгриянын парламенттер аралык биримдиктин өкүлдөрү менен жолугушуп, эки өлкөнүн парламенттик кызматташуусу жайында сүйлөшүүлөр өткөрмөкчү. 30-майда Кыргызстанга Германиянын төмөнкү палатасы Бундерстардын төрагасы Вольфганг Бемер баштаган делегация келет. Аны парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын басма сөз кызматы билдирди.