Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:24

БУУнун өкүлү БААС партиясынын мүчөлөрүнө калыс мамиле жасалыш керек деп эсептейт


БУУнун гуманитардык иштер боюнча Ирактагы координатору Рамиро Лопес де Силванын айтымында, Саддам Хусейндин режими учурунда кызматчылардын баары БААС партиясына кирүүгө мажбур болгон. Андыктан алардын кимиси кылмыш жасаганын сот териштириши абзел. АКШ менен Британия Иракты демократиялаштыруунун бир багыты катары бийлик органдарын БААС партиясынын мурдагы мүчөлөрүнөн тазалоодо. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЕ уюмунун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алардын инспекторлору Иракка ушул аптанын соңунда кайтып барып, радиоактивдүү материлдар кандай абалда сакталып жатканына иликтөө жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG