Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:19

«Арнамыс» партиясы «Моя столица» гезитин колдогон билдирүү таратты


БИШКЕК. «Моя столица» гезитинин өткөн жума күнкү нускасынын камакка алынышы жана анын жаңы сандарынын чыгышына тоскоолдук кылууга байланыштуу «Арнамыс» партиясы бүгүн билдирүү таратты. Анда ачыктыктын, жарандык позициянын символу болгон гезиттин нускаларын камакка алуу бийликтин өкүмзорлугу катары бааланып, бийликтин «демократия», «адам укугун урматтоо», «коррупция каршы күрөш» сыяктуу ураандары чет өлкөлүк «саясий саякатчыларды» жубатыш үчүн гана айтылып жатканы белгиленген. «Арнамыс» партиясы өз билдирүүсүндө кыргыз жарандарын жана бейөкмөт, эл аралык уюмдарды «Моя столицаны» коргоого чакырган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG