Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Британ премьери британ аскерлерин Саддам Хусеиндин режимин кулатуудагы эрдиги үчүн мактады


Бүгүн Ирактын Басра шаарына келген Тони Блэйр аскерлерлдин алдында сөз сүйлөп, мындай деди:

- Адамдар артка кылчайып, бул аскердик жаңжалга сереп салып, кайрадан үңүлө караганда, бул окуя биздин доордун тагдыр чечүүчү учуру болгонун, анда силер аткарган иш өтө маанилүү болгондугун аңдашат. Мен буга ишенем. Өзүңөргө жүктөлгөн вазыйпаны эр жүрөктүк жана кесиптик иш билгилик менен аткардыңар.

Блэйр Саддам Хусеинди бийликтен кулаткан аскердик коалициянын Иракка келген алгачкы мамлекет башчысы. Анын келиши Ирактагы согуштун мыйзамдуулугу туралуу талаш-талкуулар кайрадан тутанган кезге туш келди. Кечээ АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд Ирак кыруучу куралдарын согуштун алдында жок кылган болушу керек, ошон үчүн андай куралдар Ирактын аймагынан табылган жок, деп билдирген.

XS
SM
MD
LG