Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ ЖАҢЫ САММИТТИ КҮТҮҮДӨ


АКШнын президенти Жорж Буш келерки аптада Жакынкы Чыгышка келет. Ал адегенде Египетте араб өлкөлөрүнүн лидерлери, андан соң Иорданияда жөөт жана палестин өкмөт башчылары менен жолугары күтүлүүдө. Жакынкы Чыгыштагы бул саммитти утурлай Ариэль Шарон менен Махмуд Аббас эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн жатат. Палестин өкмөт башчысы бейшемби күнү жөөт гезиттеринин биринде жарыяланган маегинде исламчыл "Хамас" тобу менен израилдиктерге каршы террордук чабуулдарды толук токтотуу боюнча мунасага жетерине ишеним билдирди.

Израил менен Палестинанын ортосундагы тынчтыктын келечеги бул күндөрү "Жол картасы" деп аталган план менен байланыштырылууда. АКШ, Европа Биримдиги, БУУ жана Орусия жарнакташып даярдаган ал документте 2005-жылы көз карандысыз Палестин мамлекетин түзүү каралган. Палестин тарап планды тез эле эч шартсыз кабыл алды. Израилдин өкмөтү аны бекиткени менен 14 пункуттан турган алымча – кошумчасын сунуш кылууда."Жол картасынын" өзгөртүлүшүнө палестин өкмөтү каршы. Тынчтык пландын башкы демөөрчүсү - АКШ Израилдин пикирлери эске алынарын, бирок документ өзгөртүлүп кайрадан жазылбасын билдирген эле. Андыктан жөөт - палестин чатагын жөнгө салуу боюнча эки тараптуу же андан кеңири форматта өтүүчү сүйлөшүүлөрдө негизинен "Жол картасы" планын ишке ашыруу маселеси талкууланмакчы. Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш да алдыдагы аптада Жакынкы Чыгышка ушул максат менен келет. Алгач ал жаңы тынчтык планынын негизинде жөөт - палестин чатагын жөнгө салуу маселесин Египетте бир катар араб өлкөлөрүнүн лидерлери менен талкуулары күтүлүүдө. Андан соң президент Ж.Буш Иорданияда жөөт, палестин өкмөт башчылары Ариэль Шарон жана Махмуд Аббас менен өзүнчө үч тараптуу сүйлөшүү өткөрөт.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс Ак үйдөгү басма сөз жыйыны учурунда белгилегендей, саммит кырдаал жөөт- палестин чатагын жөндөөгө мүмкүндүк тартуулап жаткан учурда өтүүдө:

- Президент Ирактагы согуштун бүтүшү менен, өзгөчө палестин жетекчилигиндеги өзгөрүүлөрдөн кийин тынчтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүк түзүлдү деген ишенимде. Израил өкмөтү жол картасы боюнча чараларды кабыл алып, премьер-министр Ариэль Шарондун палестин элинин келечегине байланыштуу айрым билдирүүлөрүнөн кийин да тынчтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралып олтурат.

Ариэль Шарон ушул аптанын башында өзү жетектеген "Ликуд" партиясынын депуттары алдында өкмөттүн "Жол картасы" планын кабыл алуусу боюнча түшүндүрмө берип жатып, Израил аскерлеринин палестин аймактарында турушун биринчи жолу "оккупация" деп атаган эле жана бул түбөлүккө улана албасын белгилеген.Айрым аналитиктер жөөт премьеринин соңку аракеттерин кезектеги гана тактикалык кадам деп баалашкан болчу.

"Жол картасы" планын палестин тарап да тынчтыка жетүүдөгү тарыхый мүмкүнчүлүк деп атоодо. Өткөн айда автономиянын өкмөт башчылыгына келген Махмуд Аббас жөөт гезиттеринде алгачкы жолу жарыяланган маектеринде Израилди коркунучту артка таштап, "Жол картасын" аткарууга үндөдү. Бейшембиде Израилдин "Эдиот Ахронот" гезитинде басылган маегинде М.Аббас палестиндердин экстремисчил уюмдарынын эң ириси - "Хамас" менен жөөт жарандарына каршы террордук чабуулдарды толук токтотуу маселеси боюнча келерки аптанын соңуна дейре мунасага жетерине ишеним билдирди. Махмуд Аббастын мындай билдирүүсү анын Ариэль Шарон менен жолугушуусу алдында жарыяланды. Жанкечтилердин израилдиктерге каршы жасалып келген жардырууларынын бир нечесине жоопкер болгон "Хамастын" өкүлдөрү премьер-министр Махмуд Аббастын ок атышууну токтотуу жөнүндөгү сунушун караштырып жатканын, бирок ага жетүү үчүн Израил да өз агрессиясын токтотуш керектигин айтууда. Террорду ооздуктоо - Израилдин палестин жетекчилигине койгон башкы талаптарынын бири. Палестинанын жетекчилиги болсо Израил да аларга улай өз кадамдарын жасап, палестин аймактарынан аскерлерин алып кетиши, карапайым тургундардын турмуш-тиричилигин кыйындаткан чектөөлөрдү жоюшу керек деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG