Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

АКШ жетекчилиги Иранды күнөөлөөнү улантууда


АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, Иран жетекчилиги Ирак иштерине кийлигишип, элди өлкөдөгү америкалык жетекчиликке каршы тукурууда. 29-май күнү америкалык үналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Рамсфелд - Тегеран Иракка өзүнүн Революциялык гвардиясынын жоокерлерин жиберген жана эл арасында антимерикалык үгүт жүргүзүп жатат деп билдирди. Андан тышкары АКШ жетекчилиги Иранды - "Аль-Каида" аттуу террордук уюмдун жоокерлерин өз аймагында жашындырган жана өзөктүк куралга ээ болууга умтулууда деп күнөөлөйт. Тегеран болсо бардык күнөөнү четке кагууда.

 

XS
SM
MD
LG