БИШКЕК. Улуттук Банктын маалыматына караганда, Кыргызстандын тышкы карызы 1 млрд. 731 млн. долларга жетип, өткөн бир жыл аралыгында 53 млн. долларга көбөйдү. Тышкы карыздын 1 млрд. 533 млн. доллары өкмөттүн кепилдиги менен, калганы түздөн-түз тартылып келген. Мындай маалыматты бүгүн «АКИ-пресс» агенттиги таратты. Ага караганда, тышкы карыз ички дүң продуктунун 95% жетти. Былтыр тышкы карызды төлөөгө 84 млн. доллар жумшалган. Эң ири донорлордун ичинен Кыргызстан Дүйнөлүк Банкка 434 млн. доллар, Азия Өнүктүрүү Банкына 326 млн. доллар, Эл аралык Валюта Фондуна 190 млн. доллар, Жапонияга 191 млн. доллар, Орусияга 155 млн. доллар карыз.