Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Жалалабадда бүгүн киши сатууга каршы акциялар өттү


ЖАЛАЛ-АБАД. Киши сатууга каршы атайын акцияны АКШнын Улуттук демократиялык институтунун облустагы маалымат борбору менен «Сенат Миллениум» бейөкмөт уюму уюштурду. Облустун борбору менен ага жакын жайгашкан райондорго адам аткезчилигине жол бербегенге чакырган жүздөн ашык плакаттар менен 1200гө жакын эскертме сүрөттөр таркатылды. Облустагы жогорку окуу жайларынын жана орто мектептердин студенттери жана окуучулары кул болуудан сактануунун жолдору тууралуу түшүнүк алышты. Облустук Барпы атындагы кыргыз театрында Жеңишкүл Өзүбекованын «Тозок» аттуу драмасы көрүүчүлөргө акысыз тартууланды. Спектаклге жана акцияга жумшалган каражаттарды Дүйнөлүк миграция уюму менен АКШнын ЮСАИД агенттиги каржылашты.

XS
SM
MD
LG