Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

АКШ президенти менен жолуккан араб лидерлери Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планын колдошту


Жорж Буш Жакынкы Чыгыш чатагын жөнгө салуу жолдорун Египеттеги Шарм эш-Шейх курортунда бир катар араб лидерлери менен талкуулап, аймакта тынчтык орнотуш үчүн Израиль менен Палестина бирдей аракет көрүшү керек деп эскертти:

- Биз чыныгы тынчтыкты, согуш менен касташуунун ортосундагы тыныгуу эмес, Жакынкы Чыгыштагы элдердин биротоло элдешүүсүн көздөп жатабыз.

Египеттин президенти Хосни Мубарак жолугушууга катышкан араб жетекчилери 2005-жылы эгемен Палестина мамлекетин жарыялоону камтыган "Жол картасы" планын кубатташканын билдирди. Америкалык президент эртең Иорданияда палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббас жана Израилдин премьери Ариэл Шарон менен 3 тараптуу сүйлөшүүлөрдү баштайт. Вашингтондун тынчтык демилгелерин колдой, Израиль 100гө жакын палестин туткунун түрмөлөрдөн бошото баштады.

XS
SM
MD
LG