БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны кыргыз өкмөтү менен Агахан фондунун ортосунда былтыр түзүлгөн макулдашууну үч күндүк талкуудан кийин ратификациялады. Эми макулдашуунун ратификациясы тууралуу мыйзам долбоору Эл өкүлдөр жыйынында колдоо тапса, президентке кол коюга жиберилет. Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттарынын пикиринде, ратификацияланган макулдашууга ылайык Агахан фондунун Кыргызстанда кеңири масштабда, жеңилдетилген шартта экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүшүнө жол ачылды. Финансы министринин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаевдин айтымында, өкмөттүн кепилдиги менен насыя алып, бирок натыйжалуу иштей албай турган бир катар ишканалар Агахан фондуна сунушталат. Алардын арасында Пакистандын кредитине курулган «Айдан фарма», Жалалабаддагы балдардын азыгын чыгаруучу «Жибек жолу» фирмасы жана жеңил өнөр жай тармагынын бир катар ишканалары бар.