БИШКЕК. Кумтөр алтын кенин «Камеко» компаниясына сатууга кыргыз өкмөтү макулдук бере элек. Бул туурасында бүгүн «Камеко» компаниясы менен сүйлөшүүлөр боюнча кыргыз делегациясынын башчысы, финансы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаев журналисттерге кабарлады. Анын айтымында, ушул тапта кыргыз өкмөтү канадалык фирманын сунушун баалаш үчүн эл аралык кадыр-баркы бар, көз карандысыз финансы-юридикалык фирманы конкурс аркылуу тандап жатат. Ошондой фирма тандалып, «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо боюнча «Камеконун» сунушун карап чыккандан кийин гана бул маселе боюнча өкмөттүн позициясы аныкталат. «Камеко» Кумтөр кенин 57 млн. долларга сатууну сунуш кылып, кыргыз өкмөтүнө январь айында кайрылган.