Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын форумуна Бишкектен эки спикер барат


БИШКЕК. Эртең Алматыда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын форуму өз ишин баштайт. Ага Жогорку Кеңештин палаталарынын төрагалары Алтай Бөрүбаев менен Абдыганы Эркебаев жетектеген делегациялар барышат. Эл өкүлдөр жыйынынын маалымат кызматынын кабарына караганда, «ЕККУнун Азия аралык ченеми: коопсуздуктун үзгүлтүксүз тогоосу» аттуу бул форумда төрага Алтай Бөрүбаев региналдык коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо жана терроризм проблемаларына байланыштуу докладдарды жасайт. Форумдун алкагында ал ЕККУнун баш катчысы Ян Кубиш, Казакстан парламентинин спикерлери Оралбай Абдыкаримов жана Жармахан Туякбай менен жолугушуп, пикир алышат.

XS
SM
MD
LG