Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

ЮСАИД жана «Сорос-Кыргызстан» фонду жергиликтүү саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөтүштү


БИШКЕК. Бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О Киф, «Сорос-Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору Медет Төлөгөнов, АКШнын ЮСАИД агенттигинин өкүлү Трейси Этвуд жана «Каунтерпарт Консорциумдун» жооптуу кызматкери Дамира Бийбосунова бейөкмөт уюмдар турмушка ашыруучу 31 долбоордун тушоосун кесишти. «АКИ-пресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында элчи Жон О Кифтин айтканына караганда, Кыргызстандын алыскы айылдарын таза суу менен камсыз кылуу жана кургак учук, безгек сыяктуу жугуштуу оорулардын алдын алуу маселелери курч бойдон калууда. Колдоого алынып жаткан 31 бейөкмөт уюмдар ушул маселелерди чечүүгө көмөктөшөт. Бейөкмөт уюмдардын турмушка ашырчу долбоорлорун колдоо максатында ЮСАИД агенттиги 50 миң доллар, «Сорос-Кыргызстан» фонду 50 миң доллар бөлүштү. Бул каражаттарды берүү ниетин билдирген сертификаттар «АКИ-пресс» агенттигинде бейөкмөт уюмдардын жетекчилерине тапшырылды. Долбоордо белгиленген пландардын турмушка ашырылышын «Каунтерпарт Консорциумдун» кызматкерлери көзөмөлгө алышмакчы.

XS
SM
MD
LG