Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Япония жана Түштүк Корея Пхеньяндын атомдук программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөргө чакырды


Премьер-министр Дзинитиро Коидзуми бүгүн түштүк Кореянын президенти Но Му Хен менен Корей жарым аралындагы кырдаалды талкуулады. Пхеньяндын атомдук программасына байланышкан жагдайды тынчтык жол менен жөнгө салуу үчүн лидерлер көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү зарылдыгын белгилешти. Алардын пикири боюнча, Вашингтон менен Пхеньяндын ортосундагы талкуу-таңаштар улантылышы керек, ага кийинки этапта Кытай, Япония жана Түштүк Корея катышууга тийиш. Биргелешкен билдирүүдө эки лидер Түндүк Кореянын атомдук программасы дүйнөдөгү коопсуздукка коркунуч келтирет деп белгилешти.

XS
SM
MD
LG