Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Ноокатка шаар статусу берилди


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев Ош облусунда Ноокат шаарын түзүү тууралуу жардык чыгарды. Жардыкка ылайык шаар Эскиноокат айыл кеңешинин жана Гүлистан, Чечмесай айыл кеңештерине таандык жердин айрым бөлүгүнүн базасында түзүлдү. Анын 2003-2008-жылдар аралыгында өнүгүшүнүн социалдык-экономикалык планы бекиди. Жардыктын негизинде кыргыз өкмөтү бир айдын ичинде Ноокат шаарынын статусу тууралуу мыйзамды иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштайт. Бул тууралуу кечээ президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ноокатта азыр 13520 киши жашайт, ондон ашык ишкана бар. Ноокат районунун борбору аркылуу Ош-Кызылкыя, Ош-Баткен-Сүлүктү, Ноокат-Кувасай-Фергана жолдору өтөт.

XS
SM
MD
LG