Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

МАГАТЭнин эксперттери Иракта өзөктүк ири жайды текшерүүдөн өткөрүүдө


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин жети инспектору эки аптага созулуучу, бирок чектелген миссиясын кечээ башташкан. Себеби, АКШ БУУнун инспекторлору Иракта согуштан кийин ишин кайрадан улантышына макул эмес. Саддам Хусейндин режиминин соңку күндөрү Багдаддын жанындагы Тевейта деп аталган ири атомдук комплексте радиоактивдүү заттар салынган жүздөгөн темир челектер уурдалып кетти деген маалыматтар болгон.Ал идиштерди үй-тирлигинде колдонуп жиберген жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү азыр радиацияга кабылганын айтышууда. Өткөн түнү болсо Фаллуджа шаарында белгисиз адамдар америкалык аскерлерди көздөй ок атышкан. Америкалык командачылыктын билдиргенине караганда, аскерлердин эч кимиси жабыр тарткан жок, кол салгандардын бири жооп ирэтинде атылган октон каза тапты.

XS
SM
MD
LG