Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Польшада шайлоочулар Европа Биримдигине кирүү сунушун колдоду


Бул өлкөдө жаңы аяктаган эки күндүк добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгы Польшада шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгү өлкөнүн Евробиримдикке киришин колдоорун көрсөттү.
Бул тууралуу белгилүү болоору менен, Европа комиссиясынын президенти Романо Проди Польшанын президенти Александр Квасниевскиге телефон чалып, куттуктады. Проди добуш берүүдө Польша калкы тарыхый тандоонун маанисине тийиштүү баа берээри айгине болгонун белгиледи.
Алдын-ала эсептөөгө ылайык, референдумга шайлоочулардын жарымынан ашыгы келип, алардын 75 пайызы Польшанын Евробиримдикке мүчө болушун колдоп добуш берди.
Польша - Евробиримдикке келерки май айында кире турган 10 өлкөнүн эң ириси жана эң таасирдүүсү.

XS
SM
MD
LG