Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУК ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ ТЫНЧТЫКТЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮГӨ АРАКЕТИН УЛАНТУУДА


Бакыт Аманбаев, Прага АКШ баш болгон өлкөлөр Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты калыбына келтирүүгө болгон аракетин улантууда. Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буштун өтүнүчү менен дүйшөмбү күнү аталган аймакка Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони иш сапары менен келди

Ирактагы согуштук аракеттер токтогондон кийин АКШ баш болгон өлкөлөр Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салууга белсенип кирише баштады. АКШ, БУУ, Европа Биримдиги жана Орусия өлкөлөрү биргелешип, аймакта тынчтыкты калыбына келтирүү боюнча “Жол картасы” аттуу планды иштеп чыгышты. Ал планды турмушка ашыруу максатында, АКШнын президенти Жорж Буш өткөн аптанын башында Жакынкы Чыгышка келип, жаатташкан тараптардын жетекчилери менен көзмө-көз жолугушуп кетти.

Ушундай эле максатта, Жорж Буштун өтүнүчүнө байланыштуу, дүйшөмбү күнү Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони эки күндүк иш сапары менен Израилге келди. Берлускони Израилдин өкмөт башчысы Ариэл Шарон менен жолугушуп, эл аралык коомчулук сунуш кылган “Жол картасы” планын талкуулайт. Андан соң, Иордания жана Мисирдин өлкө жетекчилери менен аймактагы тынчтыкты калыбына келтирүү маселеси боюнча пикирлешет.

Айтмакчы, Жакынкы Чыгыш маселеси дүйшөмбү күнү Израилдин Тышкы иштер министри Сильван Шалом менен Орусиянын Тышкы иштер министри Игорь Ивановдун Москвада өткөн жолугушуусунда да талкууланды.

Ошентип, АКШ, Орусия баш болгон дөө-шаа өлкөлөр бир нече жылдардан бери созулган жөөт-палестин чыр-чатагын жөнгө салуу аракетин улантууда. Дүйнө коомчулугунун мындай аракетине карабай, аймактагы кандуу кагылышуу токтолбой жатат. Жекшемби күнү үч палестиналык жанкечти Газа өрөөнүнө кире бериш жердеги израилдиктердин текшерүү постуна террордук чабуул жасады. Беш Израил жоокери жана кол салган үч палестиналык каза болуп, бир нече адам жараат алды. Мындай чабуулдан соң Израил бийлиги кайрадан палестиналыктардын Израилдин аймагына кирүүсүнө тыюу салды.

Жакынкы Чыгыш маселесин иликтеген эл аралык байкоочулардын пикиринде, соңку мезгилдери Палестинадагы исламчыл уюмдардын ортосунда өз ара пикир келишпөөчүлүк курчуй баштады. Мындай карама-каршылык Палестинанын премьер-министри Махмуд Аббастын АКШнын мамлекет башчысы Жорж Буш жана Израилдин өкмөт башчысы Ариэл Шарон менен Иорданиядагы жолугушуусунан соң ачыкка чыкты. Бул жолугушууда жаатташкан тараптар эл аралык коомчулук тарабынан сунушталган “Жол картасы” планын айрым алымча - кошумалары менен жактыруу тууралуу келишимге кол коюшкан. Ошондой эле жолугушууда Палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Аббас келечекте жөөттөргө каршы палестиналык террорчулардын чабуулун токтотууга убада берген.

Махмуд Аббастын мындай аракетине жөөттөргө каршы ар кандай террордук чабуулдарды уюштуруп келген эң ири радикал исламчыл ХАМАС тобунун жетекчилиги маакул эмес. ХАМАСтын жетекчилиги өткөн аптанын соңунда билдирүү жасап, жөөттөр менен сүйлөшүүгө барган Палестин жетекчилиги менен мындан ары сүйлөшпөй тургандыгын жарыялады. ХАМАС тобунун негиздөөчүсү шейх Ахмед Ясиндин пикиринче, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө палестин качкындарын өз үйлөрүнө кайтаруу, Иерусалимдин келечеги тууралуу олуттуу талаптар көңүлдүн сыртында калууда. Бул тууралуу ал Рейтер агенттигинин кабарчысына берген маегинде мындайча пикирин билдирди:

Биз Палестинанын учурдагы жетекчилги менен качкындардын өз жерине кайтаруу, камакта алынгандарды бошотуу жана Иерусалимдин келечеги тууралуу маселердеги көз-карашыбыз дал келбегендиги үчүн алар менен сүйлөшүүнү токтоттук. Махмуд Аббас жөөттөр татыктуу болбогон убадаларды берүүдө.

Бирок ага карабай, жекшемби күнкү террордук чабуулга байланыштуу өткөн маалымат жыйында, Палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Аббас жакынкы күндөрү ХАМАС тобунун жетекчилиги менен дагы бир жолу сүйлөшүүгө аракет кылаарын билдирди.

Ал эми Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон жекшемби күнү маалымат жыйынын өткөрүп, эгерде, палестиналыктар жөөттөргө каршы террордук аракеттерин токтотпосо, Израил аймактагы тынчтыкты калыбына келтирүүдө олуттуу чегинүүлөргө барбай тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG