Бүгүн Ирактын түндүк-чыгышында кагылышуу болуп, америкалык аскерлер 27 ирактык жоокерди жок кылды. Кечээ күнү Ирактын түндүгүндөгү бир аймак катуу бомбалоого алынган. Америкалык жетекчиликтин айтымында, ал жерде террорчуларды машыктырган жай орношкон. Үстүбүздөгү аптада америкалык аскерлер Иракта 400 адамды камакка алды. Алар мурдагы режимди колдоп, жаңы бийликке каршы аракет көргөн деп күнөөлөнүүдө. Америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, жакында Ирактын батыш аймагында бир америкалык "Апачи" тик учмасы атып түшүрүлдү, Багдад шаарынын алдында болсо "Ф-16" учагы кыйроого учурады, алардын учкучтары аман калды. "Франс Пресс" агенттигинин айтымында, Ирактын түндүгүндөгү мунай куурунда бүгүн эки башка өрт чыкты.