Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Пакистан менен Индиянынын ортосундагы талаш-тартышка Орусия ортомчулук кылууга даяр


Бүгүн Орусиянын Тышкы иштер министри Игорь Иванов Пакистанга иш сапары менен келди. Ушул эле күнү ал Пакистандын жогорку бийлик жетекчилери менен жолугушту. Исламабадда өткөн маалымат жыйында Игорь Иванов, Орусия Индия менен Пакистандын ортосундагы Кашмир маселеси боюнча карама-каршылыктын саясий жолу менен чечилишин жактай тургандыгын маалымдап, талаш-тартышты чечүүгө Орусиянын ортомчулук кылууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин кошумчалай кетти. Пакистандан соң Игорь Иванов Индияга иш сапары менен барат.

XS
SM
MD
LG