БИШКЕК. Мамлекеттик кызматчыларга атайын үлгүдөгү кийимдерди кийгизүү аларды тандоо укугунан ажыратып, адамдык укугуна шек келтирет. Бүгүн президент Аскар Акаевдин наамына Демократияны өнүктүрүү фонду ушундай билдирүү жолдоду. Билдирүүдө белгиленгенге караганда, форманын киргизилиши калктын калган бөлүгүнөн мамлекеттик кызматчынын өйдөсүнүүсүн пайда кылат. Мындан тышкары, атайын кийимдер үчүн айырмалуу белгилерди жана фурнитураларды даярдоого каражат салык төлөөчүлөрдүн эсебинен алынат. Анын үстүнө Брежневдик заманды эске салган атайын кийимдин бычымы эски заманга кайрылуу же Түндүк Кореянын өнүгүү жолоюна түшүү катары кабылданышы ыктымал. Бул «Кыргызстан - адам укугун сактаган өлкө» концепциясына каршы келээрин белгилеп, фонд мамлекет башчысын бул жардыкты жокко чыгарууга чакырды.