Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:19

Кыргызстандын тышкы иштер министри Украинага барат


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов 23-июнда расмий иш сапары менен Украинага барат. Эки күнгө созула турган иш сапарында Аскар Айтматов Украинанын тышкы иштер министри Анатолий Зленко менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулайт. Бул тууралуу маалымат бүгүн Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынан алынды. Киевде эки өкмөт ортосунда эки документке кол коюлушу күтүлөт, бирок алар кандай документ экени азырынча белгисиз. Андан тышкары, Аскар Айтматовду Украинанын президенти Леонид Кучма кабыл алышы күтүлүүдө. Быйыл 26-28-мартта Украинада Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев иш сапары менен болгон эле. Анда Украинанын Кыргызстанга 28 млн. доллар карызы боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

XS
SM
MD
LG