Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Кудуретсиздикке учураган банктардын карызы 140 млн. сомду түзөөрү маалым болду


БИШКЕК. Кудуретсиздикке учураган «Курулуш», «Меркюри», «Инсан» жана «Кыргыз жер» коммерциялык банктарынын 7288 аманатчыга карызы - 140 млн. сом. Алардын ичинен өз аманатчылары алдында «Меркюри» - 73 млн., «Курулушбанк» - 52 млн., «Инсан» банкы – 12,5 млн. сом карыз. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Банктарды кайра түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча агенттиктин башчысынын орун басары Алмазбек Кадыркулов билдирди. Анын маалыматы боюнча, агенттик өткөн жылдан бери 27 млн. сомдон ашуун акчаны аманатчыларга кайтарып берди. Ал эми алардын калган акчаларын мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу менен төлөө боюнча Эл аралык Валюта Фонду менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG