Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Иракта америкалык аскерлер менен кагылышууда беш ирактык окко учту


Кабарларга ылайык, Багдаддын батышындагы Фаллужа шаарында америкалык аскерлер граната менен аткылангандан кийин башталган салгылашта бир, Багдаддан батыштагы Рамади шаарында төрт ирактык курман болду. Рамади шаарында ошондой эле эки америкалык аскер жараат алды.
Ал эми Ирактын түштүгүндөгү кол салууда бир нече британ аскери жарадар болду. Кол салгандар кимдер экени кабарланган жок.
Бириккен Улуттар уюмунда бүгүн 50 чакты өлкөнүн өкүлдөрү Иракты кайра курууну талкуулайт. Жыйында Иракты калыбына келтирүүгө кимдин канча каражат кошоору такталат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG