БИШКЕК. Эларалык «Эмми» телеберүү өнөрүнүн сыйлыгы үчүн жарыштын Азия региону боюнча жарым финалы келерки жылы Бишкекте өтүшү күтүлүүдө. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын АКШнын LATAS телеберүү өнөрү жана илими боюнча эларалык академиянын аткаруучу директору Жорж Леклер «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Буга чейин дүйнө жүзүнүн 30 өлкөсүндө өткөн бул конкурс «Жаңылыктын мыкты тасмасы» деген ат менен быйыл 25-26-июнда Казакстанда өттү жана ага уюмдун мүчөсү, кыргызстандык тележурналист Динара Сүйүмалиева калыстар тобунун мүчөсү катары катышты. «Эмми» сыйлыгы өнөр, балдар, өспүрүмдөр программалары, документалдуу фильмдер, мыкты жаңылыктар, күлкүлүү, көркөм фильмдер жана сериалдар үчүн ыйгарылат. Академиянын аткаруучу директорунун айтымында, конкурстун Кыргызстанда өтүшү кыргыз телеберүүсүнүн дүйнөлүк телеиндустриясына ыкташына шарт түзөт. Жорж Леклер ошондой эле келерки жылы Кыргызстанда аталган академиянын өкүлчүлүгүн ачуу аракеттери да көрүлүп жатканын белгиледи.