Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Катарлык “Ал-Жазира” телеканалы бүгүн Саддамдын кайрылуусун уктурду.


Айтымда,ал 14-июнда жазылып алынган. Кайрылууда Саддам Хусейн ирактыктарды аял-эркек дебей бүт баарын америкалыктарга каршы жихадга чакырган. Мындан тышкары ал тирүү экенин, жакын санаалаш илээткерлери менен ирактыктардын арасында жүргөнүн ырастаган. Кайрылууда бүткүл Ирак боюнча чет элдик оккупацияга каршылык көрсөтүү отряддары түзүлгөндүгү айтылган. Уктуруудагы аваз Саддам Хусейндин үнү экенин тастыктаган кандайдыр бир бейтарап комментариялар айтыла элек. Саддам Хусейн быйыл 9-апрелде Багдад кулагандан бери дарексиз жоголуп кеткен эле.

XS
SM
MD
LG