Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:50

НАТОнун баш катчысы Кыргызстанга келет


БИШКЕК. Түндүк Атлантикалык Альянстын баш катчысы Жорж Робертсон Кыргызстанга расмий иш сапары менен кийинки аптада келет. НАТОнун баш катчысы президент Аскар Акаев, коргоо министри Эсен Топоев жана башка бийлик өкүлдөрү менен жолугушат. Тараптар Кыргызстан менен НАТОнун ортосундагы кызматташтык, эл аралык терроризмге каршы күрөшүү жана Борбор Азия регионундагы коопсуздук маселелерин талкуулашып, пикир алмашышат. Жакында «Слово Кыргызстана» гезитине жарыяланган «НАТО жана Борбор Азия» деген макаласында Жорж Робертсон: «Борбор Азиядагы коопсуздук бүткүл Евроатлантика регионунун коопсуздугуна таасири бар. Борбор Азия региону бүгүнкү күндө коопсуздук тармагында терроризм, уюшкан кылмыштуулук, аткезчилик, мыйзамсыз миграция жана массалык кыргын куралын жайылтуу сыяктуу маселелерге кабылып жатат. НАТО эл аралык коопсуздук системасынын бир бөлүгү катары региондогу бул маселелерди чечүүгө жардам берүүгө тийиш», деп жазган.

XS
SM
MD
LG