Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

КЫЛМЫШТУУЛУК ЖАШАРУУДА, РЕФОРМА КЕЧЕҢДӨӨДӨ, КООМ БАЙ-КЕДЕЙГЕ БӨЛҮНҮҮДӨ


Республикадагы соңку окуялардан улам криминал дүйнөсү коопсуздукту коргоо кызматкерлерине чакырык ташталды, деген ой байма-бай айтыла баштады. Анын үстүнө криминалдын өзү өтөле жашарып бараткандыгы кыйла кооптонууну жаратууда. Оор кылмыштарды жасаган жапжаш жигит-кыздардын катары көбөйүүдө. Сөздү Бишкектен Бекташ Шамшиев улантат.

Ички иштер министрлигинин пресс-катчысы Жолдошбек Бузурманкуловдун айтымында, тартип коргоо кызматкерлеринин ишине көзөмөл күчтүү коюлган:

- «Кылмыштуулук көп, анын ачылышы арбып баратат, иштин ийгилиги гана көрсөтүлөт», дегениңизге кошула албайм,- дейт Жолдошбек Бузурманкулов.- Мына, мисалы, адам өлтүрүүнүн фактысы былтыркыга караганда жетиге көбөйгөн. Былтыр жарым жылдыкта 169 экен. Быйыл жарым жылдыкта 176. Былтыр кылмыштардын 85% бети ачылган, быйыл 91% ачылды.

Анткен менен өзгөчө оор кылмыш жасагандар көбүнесе жыйырмага чыгып-чыга элек жаштар болуп атканы кооптонууну жаратпай койбойт. Жолдошбек Бузурманкуловдун пикиринде, мындай жагдай укуктук нигилизмдин кесепети.

- Биз тарбия деген нерсени унутуп койгонбуз,- дейт ал.- Жаштарды азыр эч ким тарбиялабайт. Алар менен милициянын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштешүү бөлүмү гана калды. Бөлөк эч ким жок. Бул биздин идеологиядагы мүчүлүштүк. Кедейлер бүгүн эмне таап жейм, бүгүн кантип оокат кылам деген суроо менен алек. Байларга бүгүн кайсы жерге барып көңүл ачып келүү керектиги гана маанилүү болууда. Биздин коом экиге – бай-кедейге бөлүнүп кетти, өтө бай, өтө кедей бар экенин танышка болбойт. Баягы социализмден кийин эл арасында укуктук, адеп-ыймандык нигилизм пайда болду. Мына ошонун кесепети.

«Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтымында:

- Милициянын этикалык кодекси барбы? Чатактарды өздөрү башташат да, адамдарды кармап милицияга алып барышат, сотко чейин алып барышат. Мына ошондойлорду токтотмоюнча, системаны жакшы реформалаш кыйын.

Жолдошбек Бузурманкулов ички иштер кызматына кылмыш дүйнөсү чакырык таштады деген пикирди жөнсүз деп эсептейт.

- Кылмыштуу дүйнө ички иштер органдарына эрөөл таштады, чакырык таштады, деп айтышка, менимче, негиз жок,- дейт Жолдошбек мырза.- Себеп дегенде, мына Мааткабыловдордун үйүнө кол салгандар, Сузактагы милицияга кол салгандар уюшулган кылмыштуу дүйнөнүн жигиттери эмес. Уюшулган кылмыштуу дүйнө милицияга эч качан чакырык таштай албайт. Кийинки оор кылмыштар бирөөлөрдү ошондой ойго түртүп жаткандыгы чындык. Чынында эле ошолордун баары чакырыктай сезилип атат. Алардын баарынын бети ачылып жатпайбы. Анан карай келсең эле оор кылмыштардын баарын бизде дилетанттар жасап жатат. Биздеги абалдын оорчулугу, кооптуулугу мына ушунда. Кылмышкерлер эмес, катардагы 16 – 25 жаштардагы жигиттер оор кылмыштарды жасап жатышат.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Кубатбек Байболов ички иштер кызматынын реформасынын кечеңдеп жатышы өлкөнүн абалына чоң коркунуч туудурууда деген пикирде:

- Биздин укук коргоо органдарынын биртоп бөлүгү кылмышкерлер менен байланышып уюшкан кылмышкерлер менен табакташ болуп калган. Эгер биз бул тармакты жакын арада реформалай албасак, аларды кескин өзгөртпөсөк, өлкөнү кейиштүү тагдыр күтүп турат.

Ушу тапта ички иштер кызматын реформалоо концепциясы иштелүүдө. Системанын жаңыланышына жалгыз ички иштер кызматкерлери катышпастан, коомчулук да колдон келген көмөгүн көрсөткөнү оң, - дешет жергиликтүү укук коргоочулар.

XS
SM
MD
LG