Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Украинада, Казакстанда жана Кытайда аскердик машыгуулар болот


БИШКЕК. 14-21-июлда Украинанын Львов облусундагы Яворив полигонунда 22 өлкөнүн 1200 аскер кызматчысынын катышуусунда «Дүйнө калканы-2003» аттуу аскерий окуу өтөт. Буга Кыргызстандын коргоо тармагынын 5 офицери байкоочу катары катышаары болжолдонуп жатат. Коргоо министринин орун басары Олег Чечель жетектеген бул топ машыгуунун жүрүшүнө талдоо жүргүзүп, мындан ары «Дүйнө калканы» деп аталган аскерий машыгууларга Кыргызстандын аскер бөлүктөрүнүн катышуу зарылдыгы бар-жок экенин аныктап кайтат. Ал эми августтун биринчи жарымында дагы бир «Өз ара аракеттенүү-2003» аттуу антитеррордук машыгуу Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында өтөөрү күтүлүүдө. Бул машыгуу эки этап менен - адегенде Казакстанда, андан кийин Кытайда өтөт. Ал уюмга мүчө мамлекеттердин аскерий күчтөрүнүн даярдыгын чыңдоо жана тажрыйба алмашуу максатын көздөйт. Булар тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG