Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссия ишин аяктады


БИШКЕК. Ташкен шаарында 9-июлда өткөн Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын 5-отурумунун жыйынтыгында протоколго кол коюлду, - деп Кыргызстандын ЕврАЗЭС уюмуна мүчө мамлекеттердеги вице-премьер-министр деңгээлиндеги өкүлү Базарбай Мамбетов 10-июлда билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан тараптан Ташкендеги сүйлөшүүлөрдү бул өлкөнүн вице-премьери Рустам Юнусов баштаган бийлик өкүлдөрү жүргүздү жана негизги маселелер боюнча тараптар бир пикирге келишти. Отурумдун жыйынтыгы катары кол коюлган протоколго ылайык Өзбекстан июль айынан тартып Токтогул ГЭСи өндүргөн электрэнергиясын сатып алууга алдын-ала макулдугун берди жана Кыргызстанга газ берүү боюнча да сүйлөшүү оң чечилди.

XS
SM
MD
LG