Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Ирандын бийлиги АКШнын чек ара боюнча айыптоосун четке какты


Ирандын бийлиги АКШнын “Ирак менен чек арасындагы постторун Ирактын ичкери аймагына койду” деген айыптоосун четке какты. Иран өкмөтүнүн өкүлү АКШнын Ирактагы согушу башталгандан бери Ирак менен Ирандын чек арасында эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок деп билдирди. Тегеран Ирактын туруктуу өкмөтү түзүлсө чек ара боюнча бардык талаш-тартыштар жөнгө салынат деген ишенимде. Иран Ирактын чек арасын бузду деген айыптоону АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд айткан эле. Ал эми Иран менен Ирак чек ара чатагы 80-жылдары эки тараптын кан төгүүгө чейин баруусуна түрткү болгон.

XS
SM
MD
LG